​Дарья Маслова дагы бир алтын тагынды

​Дарья Маслова дагы бир алтын тагынды
10-Июль 2017, Дүйшөмбү

Кыргызстандык спортчу Дарья Маслова Азия биринчилигинде дагы бир алтын тагынды. Бул тууралуу өлкөнүн Жеңил атлетика федерациясынын билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-июлда Индиянын Бхубанешвар шаарындагы өтүп жаткан Азия биринчилигинде кыз-келиндер 10 чакырым аралыкка чуркаган. Анда кыргызстандык Дарья Маслова индиялык жана япониялык төрт жөө күлүктү артка калтырып марага биринчи келди.

Мекендешибиз бул аралыкты 32 мүнөт 21, 21 секундада чуркап өткөн.

Андан сырткары, ошол эле күнү эркектер арасында 10 чакырымда күч сынашкан Адилет Кыштакбеков марага үчүнчү келип, коло медаль тагынды.

Эске сала кетсек, 7-июль күнү аталган чемпионатта Дарья Маслова 5 чакырымда чуркап алтын утуп алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!