​Дзюдо боюнча Азия чемпионаты башталат

​Дзюдо боюнча Азия чемпионаты башталат
12-Июль 2017, Шаршемби

Эртең Бишкекте дзюдо боюнча Азия чемпионаты башталат

Бишкекте 13-16-июлда «Газпром» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде дзюдо боюнча улан-кыздар арасында Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Жаштар арасында өтө турган чемпионатка 18 өлкөнүн спортчулары катышмакчы.

«Азия мамлекеттеринен 18 мамлекеттен 338 спортчу катышат. Алар: Кытай, Тайбэй, Гонконг, Индия, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Ливан, Макао, Монголия, Пакистан, Сауд Арабия, Түштүк Корея, Тажикстан, Өзбекстан жана Вьетнам жана башка. Кыргызстандан 40 балбан ар кандай салмактагы категорияда күч сынашат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!