​Дзюдо боюнча Азия чемпионаты башталды (фото)

​Дзюдо боюнча Азия чемпионаты башталды (фото)
14-Июль 2017, Жума

Бишкекте 13-16-июлда «Газпром» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде дзюдо боюнча улан-кыздар арасында Азия чемпионаты башталды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Жаштар арасында өтө турган чемпионатка 18 өлкөнүн спортчулары катышмакчы.

Азия мамлекеттеринен 18 мамлекеттен 338 спортчу катышат. Алар: Кытай, Тайбэй, Гонконг, Индия, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Ливан, Макао, Монголия, Пакистан, Сауд Арабия, Түштүк Корея, Тажикстан, Өзбекстан жана Вьетнам жана башка. Кыргызстандан 40 балбан ар кандай салмактагы категорияда күч сынашат.

Мелдештин ачылыш салтанатына Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова, Жаштар Иштери дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулова, Кыргызстанды дзюдо федерацияынын президентти Жолдошбек Колбаев жана башкалар катышты.

Спортчуларга уюштуруучулар тарабынан видеоролик көрсөтүлүп, комузчулар, бийчилер жана эстрада ырчылары өз өнөрүн тартуулашты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!