Суучулдар эл аралык мелдешке катышат

Суучулдар эл аралык мелдешке катышат
14-Июль 2017, Жума

Кыргызстандык суучулдар Венгрияда өтүп жаткан дүйнөлүк чемпионатка катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 17-ирет өтүп жаткан чемпионат Будапештте ушул жылдын 14-30-июлунда болмокчу.

Ага катышкан спортчулар сууда сүзүүнүн 6 түрү боюнча күч сынашат: сууда сүзүү, ачык сууда сүзүү, сууга секирүү, хай-дайвинг, суудагы поло жана синхрондуу сууга сүзүү. Жалпысынан 76 комплект медаль ойнотулат.

Кыргызстанды аталган чемпионатта Кирилл Вайс, Денис Петрашов жана Дарья Талановалар тааныштырат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!