Кыргызстандык балбандар 8 медаль алды

Кыргызстандык балбандар 8 медаль алды
17-Июль 2017, Дүйшөмбү

Бишкекте дзюдо боюнча улан-кыздар арасында Азия чемпионаты өткөрүлүп, анда кыргызстандык спортчулар 8 медаль тагынды.

Азия чемпионаты Бишкекте 13-16-июлга чейин болду. Ага Азиянын 18 мамлекетинен 334 спортчу катышты. Алар: Кытай, Тайбэй, Гонконг, Индия, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Ливан, Макао, Монголия, Пакистан, Сауд Арабия, Түштүк Корея, Тажикстан, Өзбекстан жана Вьетнам жана башкалар. Кыргызстандан 40 балбан ар кандай салмактагы категорияда күч сынашты.

Мелдештин жыйынтыгында кыргыз балбаны Нурсалим Иличбек 66 кг салмактагы категорияда күмүш байгени утуп алды, мындан тышкары 7 балбан коло медалга ээ болушту.

Ал эми жалпы жыйынтык боюнча Казакстан-24 медаль (5 алтын, 7 күмүш, 12 коло), Өзбекстан-22 (5 алтын, 8 күмүш, 9 коло), Япония-11 медаль (5 алтын жана 6 коло) алды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!