Марков эркин күрөштө байге алды

Марков эркин күрөштө байге алды
27-Июль 2017, Бейшемби

Кыргызстандык спортчу Миляс Марков Түркиянын Самсун шаарында өтүп жатат сурдлипиада оюндарында эркин күрөш боюнча мелдеште коло байгени утуп алды.

Мелдеш 26-июлда өтүп, балбан 125 кг салмактагы категорияда күч сынашкан. Мында коло байге үчүн болгон эркин күрөштө россиялык спортчу Алан Кучиев менен беттешип, 2:0 эсебинде жеңишке жетишти.

Аталган оюндарда Кыргызстандын ушуну менен 3 медаль алууга жетишти. Буга чейин дзюдо боюнча Илгиз Каналбек уулу коло, грек-рим күрөшү боюнча Габит Айдарбеков коло тагынышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!