Роналдону 15 жыл абакка сунушташты

Роналдону 15 жыл абакка сунушташты
2-Авг. 2017, Шаршемби

Каталониянын маалымат каражаттары Криштиану Роналдунун салыктан качканы боюнча козголгон иштин негизинде 15 жыл абак жазасы жана 75 миллио евро айып пул төлөө коркунучуна туш келгенин жазган.

Спорт жана “Mundo Deportivo” сайтында орун алган кабарларда Криштиану Роналдунун имидж укуктары боюнча түзгөн ишканасынын ортомчулугу менен 14,75 миллион евро насыя жашырганы тууралуу кептер таркаганын, португалиялык жылдыз сотто бул айтылгандарды танганын маалымдалган.

“La Cadena Cope” радиосунда жарыяланган программада бул доого байланышкан билдирүүдө Роналду кирешелерин сактап, 4 кылмышка барганы айтылды.

Бул темага байланышкан программада Роналдуну кылмыштары үчүн оор жаза талап кылынары болжолдонууда. Португалиялык оюнчуну эмне менен бет келишери тынчсыздандырып жатканы белгиленди.

Эгерде Роналдунун айыбы анык болсо 28 миллион евро жана 3 жылга абакка камалат. Абак жазасы да айып пулга айландырылышы мүмкүн.

Бирок Роналдо салыкты жашырганын танып келет. Ак экенин айткан Роналду мындай ою менен 75 миллион евро айып пулду жана 15 жыл абак жазасын алгандай болду.


Испаниянын прокурорлорунун оюу боюнча Роналду Реал Мадридге трансфер болгон 2010-жылдан ушул мезгилге чейин 14 миллион 700 миң евро салык жашырган. Прокурорлор Роналдуну “каржылык милдеттемелерди билип туруп бузуу” жана Испанияга келгенде бир ишкана ачып, анын кирешесин жашырууга аракеттенгени менен айыпташкан.

“Forbes” журналынын рейтинги боюнча португалиялык футболчу жылына 79 миллион евро киреше тапкан дүйнөдөгү эң көп кирешелүү спортчу.

Испанияда Барселонанын жылдызы Линоель Месси өткөн жылы салыкты жашырганы үчүн айыпталып, 21 ай абак жазасын алган. Бул жаза 252 миң евро айып пулга айландырылган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!