Айпери Медет кызы дүйнө чемпиону болду

Айпери Медет кызы дүйнө чемпиону болду
5-Авг. 2017, Ишемби

Кыргызстандык балбандар ушул тапта Финляндиянын Тампер шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатына катышууда. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, спортчу Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатында 67 кг салмактагы категорияда мелдешке чыккан.

Финалга чыгууда россиялык спортчу Кристина Шумова менен кезигип, 10 упай топтоп, алтын байге үчүн кармашка чыккан. Мында Японияда келген спортчу Ясухой Мацуюкини жеңип, алтын тагынды.

Айпери Медет кызы өткөн жылы жаштар арасында дүйнө чемпионатында 72 кг салмактагы категорияда вице-чемпион болгон эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!