Неймардын футболкаларын өрттөп жатышат

Неймардын футболкаларын өрттөп жатышат
5-Авг. 2017, Ишемби

Каталондук күйөрмандар бразиялиялык футболчунун “ПСЖ”га өтүүсүн чыккынчылык деп айыпташууда.

Социалдык тармактарда "Барселонанын" күйөрмандары Неймарга каршы акция уюштурушууда. Флешмобдо оюнчунун аты жазылган футболканы өрттөп интернетке жүктөө керек. Азыр соцтүйүндөрдөн мындай түрдөгү видеонунун бир канчасын көрүүгө болот. Ошондой эле видеолордун алдында турдүү комментарийлерди калтырышкан: “Неймар-чыккынчы” жана “Биз кечирбейбиз” деген сыяктуу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!