Жарышка чыккандар Ысык-Көлдү айланышат

Жарышка чыккандар Ысык-Көлдү айланышат
8-Авг. 2017, Шейшемби

"Taiwan Fund for Children and Families" кайрымдуулук фонду өспүрүм балдар арасында Ысык-Көлдө вело жарыш өткөрүүдө. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Самат Бакасбеков "Zaman.kg" маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, веложарышка 14-18 жашка чейинки өспүрүм балдар катышууда. Алар Ысык-Көлдүн түштүк тарабынан баштап көлдү айланып өтүп түндүк тарабы менен Балыкчыга келишмекчи. Азыркы тапта Балыкчы шаарынан Караколго чейинки жолду басып өтүшүүдө.

“Өспүрүм балдар Балыкчыдан-Тосорго чейин 40 чакырым, Тосор-Караколго чейин 94 чакырым аралыктагы жолу басып өтүүдө. Вело жарыштын андан аркы бөлүгү Каракол шаарында уюштурулат. Ал жерден балдар жергиликтүү зоопарка жана музейге саякатка чыгышмакчы. Кийин Каракол-Чолпон-Ата велотур уюштурулуп, көлдүн жээгиндеги таштандыларды тазалашмакчы”,-деди Бакасбеков.

Иш-чаранын негизги максаты, велоспорттун түрүн жайылтуу, балдарды сергек жашоо образына тартуу. Балдардын коопсуздугун жана ден соолугун алдын алыш үчүн патрулдук милиция жана дарыгерлер дагы коштоп жүрүүдө. Спорттук веложарыш 12-августта Токмок шаарында жыйынтыкталат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!