Эрежесиз эр мушташ боюнча турнир өтөт

Эрежесиз эр мушташ боюнча турнир өтөт
9-Авг. 2017, Шаршемби

Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо 19-августта саат 17:00дө масштабдуу эл аралык “Nomad Fights” эрежесиз эр мушташ боюнча турнир болуп өтөт. Бул тууралуу уюштуруучуларынын бири Мирлан Жукеев билдирди.

Анын айтымында, турнирде Россия, Казакстан, Тажикстан, Афганистан, Өзбекстан жана Кыргызстандын белгилүү спортчулары беттешет. Турнирдин башкы таймашында кыргызстандык “Тайсон” Канат Келдибеков мелдешке чыгат.

Уюштуруучулар - Кыргызстандын “ММА” академиясы менен “NOMAD FIGHTS” промоутердик компаниясы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!