Усейн Болт соңку жарышында жеңилип калды

Усейн Болт соңку жарышында жеңилип калды
9-Авг. 2017, Шаршемби

Белгилүү ямайкалык жеңил атлет Усейн Болт спорттогу эң акыркы жарышында жеңилип калды. Ал 100 метр алыстыкка чуркаган. Лондондо өтүп жаткан дүйнө чемпионатында Болт үчүнчү болуп келген.

Бул жарышта америкалык Жастин Гэтлин (9,92) 100 метрдин жаңы чемпиону аталды. Ал эми күмүш медалга Кристиан Колмэн (9,94) болду. Жарыш алдында Болт бул дүйнө чемпионаты анын спорттук карьерасындагы эң акыркы жарышы болоорун айткан эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!