Оор атлетика боюнча мелдеш өтүүдө

Оор атлетика боюнча мелдеш өтүүдө
11-Авг. 2017, Жума

10-11-августтарында Ысык-Көл облусундагы Кажы-Сай айылындагы «Эдельвейс» спорттук залында 1997-жылы туулган жана андан кичүү спортчулар арасында Кажы-Сай айылынан 70 жылдык мааракесине арналган оор атлетика боюнча ачык Биринчилик башталды. Бул тууралуу Жаштар иштери ден тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдештин негизги максаттары жаштардын дене тарбия жана спортко кызыгуусун пайда кылуу; кыргызстандын курама командасына эӊ күчтүү спортчуларын топтоо; Кыргыз Республикасында оор атлетиканы популяризациялоо жана спортчулардын чебердигин өнүктүрүү.

Оор атлетике боюнча Биринчиликке Баткен облусунун жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгы тарабынан төмөнкү спортчулар жөнөтүгөн:

  1. Адилет Абдыразаков, 69 кг чейинки салмакта;
  2. Нурсултан Жалилов, 51 кг чейинки салмакта;
  3. Руслан Тажидинов, 62 кг чейинки салмакта;
  4. Абдирашит Таабалдыев – машыктыруучу

Аталган мелдешке спортчулардын катышуусу үчүн Баткен облусунун жаштар иштери, дене тарбия спорт башкармалыгынын бюджетинен 21 миң сом бөлүндү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!