Суучулдар Азия биринчилигине даярдык көрүүдө

Суучулдар Азия биринчилигине даярдык көрүүдө
14-Авг. 2017, Дүйшөмбү

6-сентябрда Ташкент шаарында (Өзбекстан) өтүүчү сууда сүзүү боюнча Азия биринчилигине даярдык көрүү максатында Кыргызстандын курама командасы 1-августтан 22-августка чейин Чолпон-Ата шаарында (Ысык-Көл облусу) окуу-машыгуудан өтүп жатат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Команданын тизмеси:

  1. Азиз Сансызбаев, 2001 ж.т., КРнын спорт чебери (СЧ);
  2. Асылбек Усенканов, 1999 ж.т., СЧ;
  3. Елизавета Рогожникова, 2004 ж.т., СЧ;
  4. Кирилл Вайс,1995 ж.т., ЭКСЧ;
  5. Кристина Панасенко, 2003 ж.т, СЧ;
  6. Станислав Карнаухов, 1996 ж.т., ЭКСЧ (эл аралык категориядаыг спорт чебери);
  7. Темирлан Каратаев, 2001 ж.т., СЧ;
  8. Юрий Захаров – ага машыктыруучу;
  9. Александр Заваринский – машыктыруучу.

Курама команда Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланат. Бюджеттен окуу-машыгуу жыйынын өткөрүүгө 326 миӊ сом каралган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!