Көк-бөрү: оюнчулардын курамы өзгөрдү

Көк-бөрү: оюнчулардын курамы өзгөрдү
15-Авг. 2017, Шейшемби

Ушул айдын 20-28-август күндөрү Казакстандын Астана шаарында биринчи жолу көк-бөрү-казакча кокпару боюнча дүйнөлүк чемпионат өткөрүлмөкчү. Ага Кыргызстандын көк бөрү боюнча улуттук курамасы дагы катышат.

Жалпысынан бул чемпионатта 12 команда беттешет. Алар эки топко бөлүнүшкөн. Кечээ, 14-августта кыргызстандык курама команда Астанага барды.

Чемпионатка саналуу гана күндөр калганда Кыргызстандын курама командасындагы 2 оюнчу орун алмашууга жетишти. “Достук” командасындагы оюнчу Манас Ниязов жана Бактыяр Жабагиев (Ынтымак) бул мелдешке катышпай турган болду. Алардын ордуна Акбар Иманбеков (Достук) жана Нурдан Мелисбек уулу (Ынтымак) катышмакчы.

Кыргызстандын көк-бөрү курама командасы:

Жолдошбек Орозбаев («Ынтымак») минген аты-Арбат
Тынчтык Кабылбеков («Ынтымак») – Торпедо
Карыпбек Эшиев («Ынтымак») – Эрке-тору
Урмат Раушан уулу («Ынтымак») – Ахиллес
Кубаныч Султан уулу («Биримдик Аю») – Атаман
Нурманбет Койчукеев («Биримдик Аю») – Туман
Рустам Тыналиев («Биримдик Аю») – Комбат
Таштемир Замирбек уулу («Достук») – Алай
Аскат Батырбек уулу («Достук») – Токмок
Сейтбек Анарбек уулу («Ынтымак») – Алтын-Каз
Акбар Иманбеков («Достук») – Рекорд
Нуржан Мелисбек уулу («Ынтымак») – Бойка

Башкы машыктыруучу - Ислам Тазабеков.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР