​Кыргыз улакчылары Монголия менен беттешүүдө

​Кыргыз улакчылары Монголия менен беттешүүдө
21-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Кечээ, 20-августта Казакстандын Астана шаарындагы «Казанат» ат майданында көк бөрү дүйнө чемпионаты башталды. Бүгүн кыргызстандын улуттук курама командасы Монголия менен беттешке чыкты. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргыз улакчылары "А" тобунда Түркия, АКШ, Өзбекстан, Монголия жана Тажикстан өлкөлөрү менен күч сынашат.

Ал эми эртең, 22-августта саат 11:00 өзбекстандык улакчылар менен беттешет. 23-августта Түркия, 24-августта Тажикстан, 25-августта АКШ, 27-августта финалдык таймаш орун алмакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!