Көк-бөрү: Кыргызстан 4 упай менен алдыда

Көк-бөрү: Кыргызстан 4 упай менен алдыда
22-Авг. 2017, Шейшемби

Казакстандын Астана шаарындагы «Казанат» ат майданында өтүп жаткан көк бөрү боюнча дүйнө чемпионатында бүгүн, 22-августта кыргызстандык улакчылар Өзбекстан менен беттешип жатат. Биринчи тайм бүтүп, учурда биздин команда 4:0 эсебинде алдыда бара жатышат.

Кечээ 21-августта көк бөрү боюнча улуттук команда Монголия менен беттешип 4:0 эсебинде жеңишке жеткен болчу.

Маалым болгондой, кыргыз улакчылары "А" тобунда Түркия, АКШ, Өзбекстан, Монголия жана Тажикстан өлкөлөрү менен күч сынашууда.

Эскерте кетсек, Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча дүйнө чемпионатына 14 мамлекеттин командалары катышууда. Оюндар 28-августка чейин созулат.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!