Көк-бөрү: Кыргызстан Түркия менен беттешет

Көк-бөрү: Кыргызстан Түркия менен беттешет
23-Авг. 2017, Шаршемби

Казакстандын Астана шаарындагы «Казанат» ат майданында өтүп жаткан көк бөрү боюнча дүйнө чемпионатында бүгүн, 23-августта кыргызстандык көкбөрүчүлөр Түркия менен беттешет. Оюн саат 11:00дө башталат.

Кечээ, 22-августа кыргызстандык улакчылар 11:02 эсебинде өзбекстандык атаандашын жеңип алса, 21-августта Монголия менен беттешип 4:0 эсебинде жеңишке жеткен болчу.

Маалым болгондой, кыргыз улакчылары "А" тобунда Түркия, АКШ, Өзбекстан, Монголия жана Тажикстан өлкөлөрү менен күч сынашууда.

Эскерте кетсек, Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча дүйнө чемпионатына 14 мамлекеттин командалары катышууда. Оюндар 28-августка чейин созулат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!