​Көк-бөрү: Кыргызстан 7:2 упай менен алдыда баратат

​Көк-бөрү: Кыргызстан 7:2 упай менен алдыда баратат
23-Авг. 2017, Шаршемби

Казакстандын Астана шаарындагы «Казанат» ат майданында өтүп жаткан көк бөрү боюнча дүйнө чемпионатында бүгүн, 23-августта кыргызстандык көкбөрүчүлөр түркиянын улакчылары менен беттешип жатат. Оюн саат 11:00 башталмак. Бирок, көк-бөрү белгиленген убакыттан кечигип башталды.

Учурда оюндун биринчи бөлүгү соңуна чыгып, кыргызстандык көк-бөрүчүлөр 7:2 упай менен алдыда баратат. 10 мүнөттүк тыныгуудан кийин оюн кайрадан старт алмакчы.

Эскерте кетсек, кечээ, 22-августа кыргызстандык улакчылар 11:02 эсебинде өзбекстандык атаандашын жеңип алса, 21-августта Монголия менен беттешип 4:0 эсебинде жеңишке жеткен болчу.

Маалым болгондой, кыргыз улакчылары "А" тобунда Түркия, АКШ, Өзбекстан, Монголия жана Тажикстан өлкөлөрү менен күч сынашууда.

Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча дүйнө чемпионатына 14 мамлекеттин командалары катышууда. Финалдык таймаш 28-августта болот. Ага Казакстандын мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаевдин катышуусу күтүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!