Кыргызстандык улакчылар Түркияны 13:3 эсебинде жеңди

Кыргызстандык улакчылар Түркияны 13:3 эсебинде жеңди
23-Авг. 2017, Шаршемби

Астана шаарындагы «Казанат» ат майданында өтүп жаткан көк бөрү боюнча дүйнө чемпионатында бүгүн, 23-августта Кыргызстандын көк-бөрү боюнча улуттук курама командасы Түркиянын көк-бөрү боюнча улуттук курама командасы менен улак тартышты.

Беттештин жыйынтыгында, кыргызстандык көк-бөрүчүлөр 13:3 эсебинде Түркияны жеңип алды.

Эми кыргызстандык улакчылар эртең, 24-августта тажикстандык оюнчулар менен беттешет. Көк-бөрү саат 11:00дө башталмакчы.

Эскерте кетсек, кечээ, 22-августа кыргызстандык улакчылар 11:02 эсебинде өзбекстандык атаандашын жеңип алса, 21-августта Монголия менен беттешип 4:0 эсебинде жеңишке жеткен болчу.

Маалым болгондой, кыргыз улакчылары "А" тобунда Түркия, АКШ, Өзбекстан, Монголия жана Тажикстан өлкөлөрү менен күч сынашууда.

Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча дүйнө чемпионаты "ЭКСПО-2017" эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында уюштурулуп, ага 14 мамлекеттин командалары катышууда. Финалдык таймаш 28-августта болот. Ага Казакстандын мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаевдин катышуусу күтүлүүдө.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!