Кыргызстан Тажикстанды 15:2 эсебинде утту

Кыргызстан Тажикстанды 15:2 эсебинде утту
24-Авг. 2017, Бейшемби

Астана шаарындагы «Казанат» ат майданында өтүп жаткан көк бөрү боюнча дүйнө чемпионатында бүгүн, 24-августта Кыргызстандын көк-бөрү боюнча улуттук курама командасы Тажикстандын көк-бөрү боюнча улуттук курама командасы менен улак тартышты.

Беттештин жыйынтыгында кыргызстандык көк-бөрүчүлөр 15:2 эсебинде Тажикстанды жеңди.

Эскерте кетсек, кечээ, кыргызстандык көк-бөрүчүлөр 13:3 эсебинде Түркияны, 11:02 эсебинде өзбекстандык атаандашын, 4:0 эсебинде Монголияны жеңип алышкан.

Маалым болгондой, кыргыз улакчылары "А" тобунда Түркия, АКШ, Өзбекстан, Монголия жана Тажикстан өлкөлөрү менен күч сынашууда. Бул тобунда Кыргызстан лидер болуп алдыда келе жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!