Көк-бөрү: Кыргызстан АКШнын командасын жеңди

Көк-бөрү: Кыргызстан АКШнын командасын жеңди
25-Авг. 2017, Жума

Астана шаарындагы «Казанат» ат майданында өтүп жаткан көк бөрү боюнча дүйнө чемпионатында бүгүн, 25-августта Кыргызстандын көк-бөрү боюнча улуттук курама командасы АКШдан келген көк-бөрүчүлөр менен улак тартышты.

Беттештин жыйынтыгында кыргызстандык көк-бөрүчүлөр 11:6 эсебинде АКШны жеңип алды. Буга чейин соцтармактын колдонуучулары АКШлык оюнчуларды кызыгуу катары ойноп жатышканын билдиришкен. Оюндун жүрүшүндө кыргыз улакчалырга аларга бир топ мүмкүнчүлүк түзүп беришти.

Эскерте кетсек, буга чейин кыргызстандык көк-бөрүчүлөр Тажикстанды 15:2, Түркияны 13:3, өзбекстандык атаандашын 11:2, Монголияны 4:0 эсебинде жеңип алышкан.

Маалым болгондой, кыргыз улакчылары "А" тобунда Түркия, АКШ, Өзбекстан, Монголия жана Тажикстан өлкөлөрү менен күч сынашып, алардын баарын жеңип финалга жолдомо алышты.

Эми финалда "Б" тобунда жеңип чыккан казакстандык көк-бөрүчүлөр менен улак тартышат. Ага Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев дагы катышмакчы. Көк бөрү боюнча дүйнө чемпионатынын байге фондусу 18 миллион теңге (3,7 миллион сом). Үчүнчү орунга 2 миллион теңге (413 миң сом), экинчи орунга 5 миллион теңге (1 миллион 34 миң сом) коюлган. Ал эми баш байгени багындыргандар 10 миллион теңгеге (2 миллион 68 миң сом) ээ болот.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!