Футбол: Кыргызстан Мьянма беттеши болбойт

Футбол: Кыргызстан Мьянма беттеши болбойт
4-Сен. 2017, Дүйшөмбү

2019-жылдагы Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында 5-сентябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтө турган Кыргызстан менен Мьянма өлкөсүнүн футболдук беттеши болбой калды.

Маалыматка караганда, бүгүн, 4-сентябрда футбол федерациясынын маалымат жыйыны болду. Анда өкмөт башчынын чечими менен Мьянма өлкөсүндө болуп жаткан окуяга байланыштуу, беттештин токтотулганынын башкы себеби оюн учурунда террордук акт уюштурулушу мүмкүн деген кооптонуудан улам футболдук беттеш токтотулганы айтылды.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!