​Шахмат боюнча Азия чемпионаты өтөт

​Шахмат боюнча Азия чемпионаты өтөт
13-Сен. 2017, Шаршемби, 10:16

Бишкекте ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында шахмат боюнча Азия чемпионаты болот. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара 14-сентябрдан 22-сентябрга чейин өтмөкчү. Анда угуусу, көрүүсү начарлар, жакшы кыймылдай албаган өспүрүмдөр менен чоңдор ат салышат. Мелдешке азырынча Казакстан, Өзбекстан, Бутан, Индия, Иран, Пакистан, Австралия жана Түркмөнстандын спортчуларынын катышуусу күтүлүүдө.

Иш-чараны уюштурууга олипиадалык эмес спорттун түрү боюнча дирекция 4 миллион 809 миң сом бөлдү.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!