Айсулуу Тыныбекова Азия оюндарына катышат

Айсулуу Тыныбекова Азия оюндарына катышат
14-Сен. 2017, Бейшемби, 10:39

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтө турган Азия оюндарына эркин күрөш боюнча Кыргызстандан 5 беш балбан кыз катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Азия оюндары 17-сентябрдан 27-сентябрга чейин өтөт.

Айымдар арасында эркин күрөш боюнча таймаш 24-25-сентябрь күндөрү өтүп, анда кыргызстандык 5 балбан кыз күч сынашат.

Аталган оюндарга Кыргызстандан жалпы 153 спортчу катышып, спорттун 17 түрү боюнча таймашат.

Жабык имараттагы Азия оюндары 2003-жылдан бери өткөрүлүп келет. Ал эми, 2009-жылдан баштап аталган таймашка күрөш искусствосу боюнча Азия оюндары да кошулган.

Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын айымдар курама командасы:
48 кг чейин — Саяна Баизова
55 кг чейин — Назира Марсбек кызы
58 кг чейин — Айсулуу Тыныбекова
69 кг чейин — Мээрим Жуманазарова
75 кг чейин — Айпери Медет кызы
Башкы машыктыруучу — Нурбек Изабеков.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!