Ашхабад-2017: Муртазалиев Азия чемпиону болду

Ашхабад-2017: Муртазалиев Азия чемпиону болду
19-Сен. 2017, Шейшемби, 10:11

Ушул тапта Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын жиу-житсу боюнча мелдешинде кыргызстандык спортчу Абдурахманхажи Муртазалиев алтын байгени утуп алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Ал 85 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, жарым чейрек финалда казакстандык Андрей Гаврилюкту жеңген. Андан соң чейрек финалда иорданиялык Хайдар аль Рашедди утуп алгандан кийин жарым финалда түркмөнстандык Мерген Жораевди жеңген. Алтын байге үчүн беттеште Бириккен Араб Эмиратынын келген спортчусу Халфан Балхол менен беттешип, жыйынтыгында Азия чемпиону болду.

Бул алтын медаль менен Ашхабадда өтүп жаткан Азия оюндарында Кыргызстан курама командасында алгачкы алтыны, буга чейин спортчулар 4 коло, 1 күмүш тагынганга жетишкен.

V Азия оюндары Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 27-сентябрда жыйынтыкталат. Кыргызстандын намысын спорттун 17 түрү боюнча 153 спортчу коргоп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!