Ашхабад-2017: Кыргызстан 62 мамлекеттин ичинен 9-орунда

Ашхабад-2017: Кыргызстан 62 мамлекеттин ичинен 9-орунда
19-Сен. 2017, Шейшемби, 11:00

Азыркы тапта Түркмөнстандын баш калаасы Ашхабадда өтүп жаткан Азия оюндарында Кыргызстандын курама командасы 9-орунда келе жатат. Бул тууралуу мелдештин расмий сайтында жарыяланган.

Мелдештин үчүнчү күнүндө тагыраагы 18-сентябрга карата 34 медаль ойнотулган. Мында жеңил атлетика, джус-джитсу, таэквондо, түркмөн күрөш, велоспорт жана оор атлетика.

Кыргызстандын байге куржунунда азыркы тапта 7 медаль (1 алтын, 3 күмүш жана 3 коло) бар. Бул жетишкендик менен Азиянын 62 мамлекеттин ичинен 9-орунда ээлеген.

Алсак, Түштүк Корея, Иордония, Индия сыяктуу экономикасы күчтүү мамлекеттерди артка калтырды.

V Азия оюндары Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 27-сентябрда жыйынтыкталат. Кыргызстандын намысын спорттун 17 түрү боюнча 153 спортчу коргоп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!