​Ашхабад-2017: Төрт күндө Кыргызстан 30 медаль утту

​Ашхабад-2017: Төрт күндө Кыргызстан 30 медаль утту
22-Сен. 2017, Жума, 09:43

Ашхабадда өтүп Азия оюндарында 21-сентябрга карата кыргызстандык спортчулар 4 медаль алышты.

Тилек Куралов 90 кг салмакта казак күрөшүнөн индиялык, монголиялык спортчуну жеңип күмүш тагынды, Мирлан Эралиев 70 кг салмактагы категорияда коло тагынды. Иран күрөшүнөн Айдарбек Айтиев коло утту. Ат оюндарынын спорттук беттешинде Камил Сабитов коло байгени утуп алды.

Жыйынтыгында ушуну менен Кыргызстандын байге куржунунда 30 медаль: 2 алтын, 10 күмүш, 18 коло болду.

Түркмөнстанда өтүп жаткан Азия оюндары 27-сентябрда жыйынтыкталат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!