Ашхабад-2017: Нурбек Кожобеков күмүш тагынды

Ашхабад-2017: Нурбек Кожобеков күмүш тагынды
23-Сен. 2017, Ишемби, 10:46

Ашхабадда өтүп жаткан Азия оюндарында алыш күрөшүнүн эркин стили боюнча мелдеште кыргызстандык балбан Нурбек Кожобеков күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты жазып чыкты.

Маалыматка караганда, бүгүн, 22-сентябрда алыш күрөшүнүн эркин стилинен кыз-келиндер жана эркектер арасында мелдеш өтүүдө. Кожобеков 90 килограммга чейинки салмакта алгач түркмөнстандык спортчуну, финалда тажикстандык спортчуну жеңип алды. Алтын байге үчүн финалдык таймашта түркмөнстандык спортчудан 3:00 упай эсебинде жеңилип, жыйынтыгында күмүш байгеге ээ болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!