Үмүттү актаган спортчулар, эмгекти баалабаган калыстар

Үмүттү актаган спортчулар, эмгекти баалабаган калыстар
29-Сен. 2017, Жума, 10:32

Ошентип он эки күнгө созулган Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн Жабык имараттагы Азия оюндары жыйынтыкталып, Кыргызстандын курама командасы мекенине кайтып келишти. Спортчуларды өкмөт башчы Сапар Исаков жана бийлик өкүлдөрү, шаар тургундары “Манас” аба майданын тосуп алышты.


Азия оюндарында күрөштүн алыш түрү боюнча алтын медаль жеңип алган Бекзат Тынчтыкбек уулу финалдык мелдеште түркмөн балбанына туш келгендиктен аны жеңиш кыйынга турганын айтат.

- Бул мелдешке 55 кг салмакта күрөштүн алыш түрүнөн беттешке чыктым. Мелдеште пакистандык, түркмөнстандык атаандаштарымды утуп, финалдык таймашта түркмөн балбаны менен күрөштүм. Түркмөн балбаны менен кармаш өтө оор болду. Ага карабастан жеңиш үчүн болгон күчүмдү жумшадым. Жыйынтыгында 7:5 эсебинде жеңишке жетиштим. Бул мелдешке 2 ай даярдык көрдүк. Биринчи айында Ысык-Көлдөн машыгууларды өткөрсөк, экинчи айда Бишкектен машыктык. Кудай буюрса көздөгөн максатым жеттим. Алдыда 2018-жылы Индониязияда өтө турган жайкы олимпиада турат. Ага даярдык көрө баштайбыз.

Нурбек Кожобеков: “Бел боо күрөшүнөн калыстар тартып койду”

Бел боо күрөшү боюнча күмүш байгени утуп алган Нурбек Кожобеков оюндун ачылышында кыргыздын мамлекеттик туусун көтөрүп чыккан. Ал оюндун жүрүшүндө айрыкча бел боо күрөшүндө калыстар тартып койгонун белгилейт.

- Желекти алып көтөрүп чыкканым мен үчүн сыймык болду. Мамлекеттик тууну көтөрүп чыгууда толкундануу сезими болду. Аны сөз менен жеткире албайм. Ал эми алыш күрөшүндө финалда түркмөн балбаны менен беттештим. Аны чапканым менен калыстар баалашпай эсепке алышкан жок. Башка күрөштөн билбейм бел боо күрөшүнөн калыстар тартып коюшту. Бир эле мен эмес башка спортчуларга деле ушундай болду. Кудай буюрса, муну менен эле чектелип калбайм. Алдыда Кудай буюрса 2018-жылы Дүйнөлүк көчмөндө оюндары болот. Ага катышып андан дагы ийгиилик жаратабыз деген ойдомун. Жеңишимди кыргыз элими жана ата-энеме арнайм.

Турдубаева: “Калыстар тартышкан соң, спортчулар таза жеңишке жетип жатышты”

“ЭлТР” телеканалынын спорт журналисти Гүлжан Турдубаева аталган мелдешти башынан аягына чейин жеринде күбө болгон. Ал олимпиада оюндары жогорку деңгээлде өткөнүн, бирок кемчиликтер дагы болбой койгонун кошумчалады.

- Оюн абдан мыкты деңгээлде өткөрүлдү. Олимпиада оюндары өткөрүүдө өзүнчө шаарча курулган. Бирок мүчүлүштүктөр дагы болбой койгон жок. Оюндун алгачкы күндөрүндө күрөштүн түрлөрүнөн кыргыз балбандарында ийгилик болбой жатты. Финалда биздин балбандар түркмөн балбандары менен чыгышты. Мисалга алсак бел боо күрөшүнөн Нурбек Кожобеков түркмөн балбаны менен күрөштү. Аны менен 3 жолу ыкма жасаганы менен эмгегин калыстар баалашкан жок. Акыркы ыкма таза жеңишке жетүү керек болчу. Аны дагы ийгиликтүү жасаганы менен калыстар убактысы бүтүп калды деп упай беришпегендиктен күмүш алып, түркмөн спортучу алтын тагынды. Мындан улам айрыкча күрөштөн түркмөн калыстары тартып жатышкандыктан биздин спортчулар таза жеңгенге аракет кылып жатышты.

Аманкулов: “Жеңиш менен кайткан спортчуларга жардам көрсөтүлөт”

Ал эми Жаштар, дене-тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкуловдун айтымында, спортчулар күтүлбөгөн жерден көп медаль топтогон. Агенттик бул мелдеште болжолдууу 50 гана медаль күтүшкөн.

- Жеңиш менен кайткан спортчуларга материалдык жардамдар көрсөтүлөт. Эл аралык олимпиадада алдыңкы оорунга ээ болгон спортчуларга стипендия берилип турат. Спорттун бардык тармагына колдон келген жардамды көрсөттүк. Спортчулар Азия оюндарынын алдында атайын машыгуулардан өтүштү. Биз болжол менен 50 медаль күткөн болчубуз. Анын ичинен 10 гана алтын алабыз деген үмүтүбүз бар болчу. Биздин спортчулар андан дагы ашып жакшы жетишкендиктерге жетип 70 медаль менен кайтышты. Бул өтө чоң жетишкендик. Бул оюндарга кээ бири маани бербей жатышат. Төрт жылда бир өтүп турат. Өзгөчөлүгү олипиадада спорттун түрү эмес, жабык имаратта өтөт. Бизде өнүгүп жаткан кыргыз улуттук оюндары күрөш, алыш, самбо жана башка спорттун түрлөрү киргизилген.

Түркмөнстандын Ашхабад шаарындагы Жабык имараттагы Азия оюндары 16-сентябрда башталып, 27-сентябрда салтанаттуу түрдө жыйынтыкталган. Бул мелдешке жалпы Азиянын жана Океания өлкөсүнөн 63 мамлекеттин 5500гө жакын спортчулар катышты. Анын ичинен Кыргызстандан 153 спортчу барып, спорттун 17 түрү боюнча күч сынашып 70 медаль (13ү алтын, 20сы күмүш, 37си коло) менен 8-орунга ээ болду.

Ашхабадда Азия оюндарында жеңишке жеткен спортчулардын тизмеси:

Джиу-джитсу:

Абдурахманхаджи Муртазалиев – алтын медаль (85 кг чейинки салмактагы категорияда)

Ариет Бекишов – коло медаль (62 кг чейинки салмактагы категорияда)

Бел боо күрөшү:

Бекзат Тынчтыкбек уулу – алтын медаль (55 кг чейинки салмактагы категорияда)

Эсенбек Кудайбердиев – алтын медаль (80 кг чейинки салмактагы категорияда)

Нурзат Бактияр кызы – алтын медаль (70 кг чейинки салмактагы категорияда)

Алтынай Мамарасул кызы – алтын медаль (75 кг чейинки салмактагы категорияда)

Мээрим Момунова – алтын медаль (60 кг чейинки салмактагы категорияда)

Асылбек Калматов – күмүш медаль (100 кг салмактан жогорку категорияда)

Эрланбек Мурзанбеков - күмүш медаль (60 кг чейинки салмактагы категорияда)

Нурбек Кожобеков - күмүш медаль (90 кг чейинки салмактагы категорияда)

Руслан Тавалдиев - күмүш медаль (80 кг чейинки салмактагы категорияда)

Тилек Кувалов – күмүш медаль (казак күрөшү) (90 кг салмактан жогорку категорияда)

Мээрим Мийзамидин кызы - күмүш медаль (55 кг чейинки салмактагы категорияда) (классикалык стиль)

Мээрим Момунова - күмүш медаль (60 кг чейинки салмактагы категорияда) (классикалык стиль)

Эрланбек Мурзанбеков - күмүш медаль (60 кг чейинки салмактагы категорияда) (классикалык стиль)

Алтынай Мамарасул кызы - күмүш медаль (70 кг чейинки салмактагы категорияда) (эркин стиль)

Руслан Тавалдиев – коло медаль (80 кг чейинки салмактагы категорияда) (классикалык стиль)

Мадан Шаршеналы уулу - коло медаль (70 кг чейинки салмактагы категорияда) (эркин стиль)

Орозбек Аширов - коло медаль (100 кг чейинки салмактагы категорияда) (классикалык стиль)

Мадан Шаршеналы уулу - коло медаль (70 кг чейинки салмактагы категорияда) (классикалык стиль)

Ильяс Нишанов - коло медаль (100 кг салмактан жогорку категорияда) (эркин стиль)

Кадыр Келсинбеков - коло медаль (100 кг чейинки салмактагы категорияда) (эркин стиль)

Мирлан Эралиев – коло медаль (70 кг чейинки салмактагы категорияда) (казак күрөшү)

Айдарбек Айтиев - коло медаль (70 кг чейинки салмактагы категорияда) (пахлавани)

Анара Рыскулова - коло медаль (55 кг чейинки салмактагы категорияда) (алыш эркин стиль)

Нурзат Бахтияр кызы - коло медаль (70 кг чейинки салмактагы категорияда) (классикалык стиль)

Анара Рыскулова - коло медаль (55 кг чейинки салмактагы категорияда) (эркин стиль)

Уулкан Алибай кызы - коло медаль (65 кг чейинки салмактагы категорияда) (эркин стиль)

Бильярд спорту:

Ызатбек Ратбеков – алтын медаль

Канат Сыдыков – коло медаль

Бий спорту:

Алексей Кибкало жана Татьяна Когадей – алтын медаль (samba)

Алексей Кибкало и Татьяна Когадей – коло медаль (paso doble)

Ат оюндары:

Камиль Сабитов – коло медаль

Жеңил атлетика:

Гулшанай Сатарова – күмүш медаль (1500м)

Арина Клещукова – коло медаль (1500 м)

Арина Клещукова – коло медаль (800 м)

Кикбоксинг:

Авазбек Аманбеков – алтын медаль (57 кг чейинки салмактагы категорияда)

Алексей Федосеев – күмүш медаль (63.5 кг чейинки салмактагы категорияда)

Айбек Дуйшембиев – коло медаль (69 кг чейинки салмактагы категорияда)

Акрам Баратов – коло медаль (51 кг чейинки салмактагы категорияда)

Чынгыз Калбаев – коло медаль (69 кг чейинки салмактагы категорияда)

Юлия Борисова – коло медаль (56 кг чейинки салмактагы категорияда)

Муай-тай:

Бекзат Матысаев – коло медаль (67 кг чейинки салмактагы категорияда)

Самбо:

Жамалбек Асылбек уулу – алтын медаль (82 кг чейинки салмактагы категорияда)

Бекназар Раимкул уулу – алтын медаль (74 кг чейинки салмактагы категорияда)

Жаныбек Аматов – алтын медаль (90 кг чейинки салмактагы категорияда)

Данияр Алымжанов – күмүш медаль (100 кг чейинки салмактагы категорияда)

Орозбек Абтандил уулу – күмүш медаль (62 кг чейинки салмактагы категорияда)

Айткуль Абдылдабек кызы – күмүш медаль (48 кг чейинки салмактагы категорияда)

Тилек Аманкулов – коло медаль (52 кг чейинки салмактагы категорияда)

Белек Бараканов – коло медаль (57 кг чейинки салмактагы категорияда)

Арсен Камчибеков – коло медаль (62 кг чейинки салмактагы категорияда)

Максат Мусабаев – коло медаль (100 кг салмактан жогорку категорияда)

Улукбек Мамытов – коло медаль (100 кг чейинки салмактагы категорияда)

Мухаметали Эргешев – коло медаль (52 кг чейинки салмактагы категорияда)

Алайбек Умотов – коло медаль (68 кг чейинки салмактагы категорияда)

Салмоорбек Маматэмин уулу – коло медаль (74 кг чейинки салмактагы категорияда)

Салттык күрөш:

Назира Марсбек кызы - күмүш медаль (58 кг чейинки салмактагы категорияда)

Мээрим Жумназарова – күмүш медаль (70 кг чейинки салмактагы категорияда)

Эсенбек Кудайбердиев – күмүш медаль (82 кг чейинки салмактагы категорияда)

Кененбек Шамшидин уулу – коло медаль (75 кг чейинки салмактагы категорияда)

Назира Арзыбекова – коло медаль (70 кг чейинки салмактагы категорияда)

Уулкан Алибай кызы – коло медаль (63 кг чейинки салмактагы категорияда)

Күрөштүн түрлөрү:

Калы Сулайманов – алтын медаль (грек-рим күрөшү) (59 кг чейинки салмактагы категорияда)

Атабек Азисбеков – күмүш медаль (грек-рим күрөшү) (80кг чейинки салмактагы категорияда)

Узур Джусупбеков – күмүш медаль (грек-рим күрөшү) (98кг чейинки салмактагы категорияда)

Айсулуу Тыныбекова – күмүш медаль (кыз-келиндер арасындагы күрөш) (58 кг чейинки салмактагы категорияда)

Мээрим Джуманазарова – коло медаль (кыз-келиндер арасындагы күрөш) (69 кг чейинки салмактагы категорияда)

Айпери Медет кызы – коло медаль (кыз-келиндер арасындагы күрөш) (75 кг чейинки салмактагы категорияда).

Жалпы оюнга 339 медаль спорттун 21 түрү боюнча ойнотулду.

1-орунда Түркмөнстан-245 медаль (89 алтын, 70 күмүш, 86 коло)

2-орунда Кытай – 97 медаль (42 алтын, 32 күмүш, 23 коло)

3-орунда Иран – 118 медаль (36 алтын, 23 күмүш, 59 коло) ээ болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!