Турникке тартынышып, дүйнөлүк рекорд коюшат

Турникке тартынышып, дүйнөлүк рекорд коюшат
3-Окт. 2017, Шейшемби, 10:08

14-октябрда саат 12:00дө Бишкек шаарынын эски аянтында узундугу 150 метрди түзгөн жылдырма турник орнотулат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктигинен билдиришти.

Турник аталган агенттик, КРнын Улуттук олимпиада комитети жана КРнын street workout Федерациясынын демилгесинин негизинде орнотулмакчы. Мында Гиннес рекорддору китебине киргизилүүчү тартынуу боюнча Дүйнөлүк рекорд болмокчу.

Турникке тартынуу боюнча дүйнөлүк рекорд эркектер жана аялдар арасында өткөрүлөт жана жаш курак боюнча чектелүү жок. Белгилей кетүүчү нерсе, аталган иш-чара биздин мамлекетте биринчи жолу өткөрүлмөкчү.

Катышуучулар чыгып атканда дүйнөлүк рекордду аныктап туруучу атайын комиссия түзүлөт. Ал комиссияны «Street Workout and Street Lifting» эл аралык уюмунун башчысы Денис Минин жетектейт.

«Street Workout» кыймылынын лидеринин сөзүнө таянсак, Мамагенттиктин директору Канат Аманкуловдун демилгеси менен иш-чара бүткөндөн кийин көчө жабдуулары Республиканын балдар үйлөрүнө, мектептерге жана университеттерге өткөрүлүп берилет.

14-октябрда аталган иш-чаранын алкагында турникке тартынуудан сырткары дагы жерге таянып көнүгүү жасоо боюнча флешмоб өткөрүү пландалууда.

Иш-чаранын негизи максаттары:

  • жаштарды дени сак жашоо образынын эгидасында чогултуу;
  • жаштар арасында спорттук иш-чара жана дене тарбия – ден-соолукту чыңдоо массалык уюмдун формаларын жакшыртуу;
  • воркаут боюнча көрсөтмө номурларды өткөрүү менен жаштарды дени сак жашоо образына жана спортко кызыктыруу;
  • алдыңкы атлеттердин жеке мисалдары аркылуу спорт аянтчаларында машыгуучулардын санын көбөйтүү;
  • улуттук рухту жана патриоттуулукту көтөрүү;
  • Бишкектин – Кыргызстандын борбору жана жаштардын, спортчу жана дени сак адамдардын өлкөсү катары имиджин көтөрүү.

Баардык каалоочуларды аталган массалык флеш-мобго кошулууңуздарды чакырабыз. Кирүү акысыз! Маалымат үчүн байланыш телефон: 0700 00 44 80.

Программа:
12:00 – баардык катышуучуар үчүн даярдалган көңүлдү көтөрүүчү шоу-программа - «BARSBEK» (STREET WORKOUT) борбордук командасынын чыгуусу
12:05 – официалдуу ачылыш Кыргыз Респбликасынын гимни жана Кыргызстандын туусун көтөрүү менен башталат.
12:20 – Дүйнөлүк рекордду орнотуу үчүн жарыя
12:25 – Тартынуу боюнча Дүйнөлүк рекордду орнотуу
12:40 – Катышуучулар үчүн старт
12:42 – Канат Аманкулов катышуучулар менен биргеликте жерге таянып көнүгүү жасоо боюнча флеш-мобду баштайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!