​Юрий Краковецкий күмүш тагынды

​Юрий Краковецкий күмүш тагынды
9-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 12:10

Кыргызстандык спортчу Юрий Краковецкий 8-октябрда Өзбекстандын баш калаасы Ташкентте өткөрүлгөн дзюдо боюнча "Gran Prix 2017" турниринде күмүш медаль утту. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты жазып чыкты.

Маалыматка караганда, мелдешке Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Азербайжан, Монголия, Израиль жана Польшадан дзюдочулар катышкан.

Аталган мелдешке Кыргызстандан 4 спортчу күч сынашкан. Анын арасында Краковецкий 100 кг салмактагы категорияда күч сынашып, күмүш байгени утуп алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!