Неймар «алтын топко» жакындады

Неймар «алтын топко» жакындады
10-Окт. 2017, Шейшемби, 11:13

Бразилиялык «Golden boy» Неймар өзүнүн кыялына бир кадам жакындады. Жазгы трансфер терезесинде дүйнө жүзүн таң калтырып 222 миллион еврого «ПСЖ» клубуна которулган жарым коргоочу «алтын топко» ээ болуучу отуз оюнчунун катарына кирди.

Белгилей кетүүчү жагдай, Неймардын бул кадамы атактуу футболчу, аргентиналык оюнчу Мессинин көлөкөсүнөн чыгуу жана «алтын топко» жакындоо үчүн жасалган болчу.

Быйылкы жылдын башкы талапкери Роналду экени сөзсүз. «Алтын топту» бешинчи ирээт ээ болууга португалиялыктын упайы жетиштүү. Бирок кийинки жыдан баштап кош футболчунун мезгили токтосо, «алтын топко» талапкерлердин алдынкы тизмегинде Неймардын турары белгилүү.

Ошону менен бирге алтын топко талапкер катарында «Челсинин» жарым коргоочусу Нголо Канте, «Реалдан» Лука Модрич, «Ювентустун» чабуулчусу Дибалалар толуктап турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!