​ФИФА: Кыргызстан эки позицияга көтөрүлдү

​ФИФА: Кыргызстан эки позицияга көтөрүлдү
16-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 17:05

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курам командасы ФИФАнын октябрь айына карата рейтингинде 2 позицияга көтөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрь күнү эл аралык Футбол федерациясынын жаңыланган рейтингинде жарыяланган.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык футболчулар 2 упай менен 120-орунга жайгашкан.

Дүйнөлүк рейтингдин алдыңкы катарда Германия андан кийин Бразилия, Португалия, Аргентина, Бельгия, Польша, Франция, Испания, Чили жана Перу командалары жайгашкан.

Былтыр футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы апрелдеги FIFA рейтингинде 99-орунга чейин көтөрүлүп, рекорд жаңылаган. Бирок андан көп узабай эле команданын рейтинги төмөндөп келе жаткан эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР