Кыргыз балбандары Түркияда 5 медаль утту

Кыргыз балбандары Түркияда 5 медаль утту
23-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 11:07

Түркиянын Стамбул шаарында 20-22-октябрда өткөн күрөш боюнча жаштар арасындагы Түркиянын кубогунда кыргызстандык балбандар грек-рим күрөшү боюнча 5 медалга ээ болушту. Бул тууралуу КРнын күрөш федерациясынан билдиришти.

Мелдештин жыйынтыгында кыргыз спортчулары Акжол Махмудов алтын, Халмурат Ибрагимов, Абдыкерим уулу Куттубек, Таалай Орузбев күмүш медалдарды тагынышты. Ал эми Кунай Нурдавлетов коло байгеге ээ болгон.

Алтын медал тагынган Акжол Махмудов грек-рим стилиндеги 74 килограммга чейинки салмактагы категорияда күч сынашып, финалда түркиялык спортчуну жеңип алды.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!