Евгений Ваккер веложарышка чыгат

21-02-2017

Кыргызстандык велоспортчу Евгений Ваккер Бахрейнде өтө турган веложарыш боюнча Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, велоспорт боюнча Азия биринчилиги ушул жылдын 23-февралдан 4-мартка чейин Бахрейн өлкөсүндө орун алат. Спортчу Gran Prix Bahrein жекелик жарышка 27-февралда катышса, 2-мартта 180 чакырымдык жарышка чыгат.

Белгилей кетсек, Евгений Ваккер Азиянын 4 жолку чемпиону. Спортчу 4 алтын, 3 күмүш медалынын ээси жана Азия оюндарынан 5 жолу күмүш медаль тагынган. Олимпиада оюндарынын 3 жолку катышуучусу. 2015-жылы Ваккерге “Манас” орденин 3 даражадагы сыйлык тапшырылган.

Кубаныч Жусупбеков

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!