​Оор атлетика боюнча эл аралык мелдеш өтөт

​Оор атлетика боюнча эл аралык мелдеш өтөт
30-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 12:55

Бишкекте 24-26-ноябрь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда Каныбек Осмоналиевдин урматына арналган оор атлетика боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган мелдешке Орто Азиядан, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн спортчулар келип катышып, байгелер үчүн күч сынашат. Эркектер арасындагы мелдеш үчүн спортчулар салмак боюнча 8 категорияга, ал эми кыз-келиндер 7 категорияга бөлүнгөн.

Мелдеш төмөнкү салмактагы категорияда өтмөкчү:

Эркектер: 56 кг, 62 кг, 69 кг, 77 кг, 85 кг, 94 кг, 105 кг, 105 кг жогорку салмакта.

Кыз-келиндер: 48 кг, 53 кг, 58 кг, 63 кг, 69 кг, 75 кг, 75 кг андан жогорку салмакта.

Каныбек Осмоналиев оор атлетика боюнча дүйнөнүн 4 жолку, Европанын 2 жолку чемпиону. 1980-жылы Москвада өткөн Олимпиадада чемпион болгон. СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!