Журналисттер арасында мелдеш өттү

Журналисттер арасында мелдеш өттү
9-Ноя. 2017, Бейшемби, 10:27

8-ноябрында Нарын облусунун аймагындагы жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн арасында спорттук мелдеш өттү. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Спорттук мелдеш Маалымат жана басма сөз күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов тарабынан уюштурулду.


Мелдештин жобосуна ылайык даярданган командалар 7 оюндун түрү боюнча күч сынашты. Калыстар тобунун чечими менен «АКИpress» командасы 113 упай менен 3-орун, «Теңир Тоо» облустук гезитинин командасы 131 упай менен 2-орун, Нарын облустук мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын командасы 137 упай чогултуп 1-орунду камсыздашты. Катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн дипломдору жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Иш-чарада мыкты оюн көрсөткөндүгү үчүн 3 оюнчуга Нарын облустук Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгы тарабынан белектер ыйгарылды.

Мындан тышкары, өлкөдө жана облустун аймагында маалыматтарды коомчулукка жеткирүүдөгү жетишкен ийгиликтери үчүн бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасы жана Ыраазычылык каттары менен сыйланды.

Мелдештин негизги максаты ден-соолукту чыңдоо жана сергек жашоого үндөө, кызматкерлер арасында ынтымакты бекемдөө болуп эсептелет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!