Тогуз коргоол боюнча мелдеш жыйынтыкталды

Тогуз коргоол боюнча мелдеш жыйынтыкталды
10-Ноя. 2017, Жума, 11:53

Бишкек шаарында тогуз коргоол боюнча республикалык мелдеш жыйынтыкталды. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мелдешке өлкөнүн 6 облусунан жана 2 шаарынан жалпы 169 спортчу катышты. Алардын ичинен үчөө Кыргызстандын спорт чеберлери жана 13ү спорт чеберине кандидаттар болду. Мелдеш тогуз коргоолдун "стандарт", "рапид" жана "блиц" түрлөрүнөн өтүп, алдынкы спортчулар дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты. Мындан тышкары 1-2-орундарды ээлеген спортчулар 2018-жылы Монголияда өтө турган Азия чемпиондугуна жолдомо алышты.

"Стандарт" боюнча жеңүүчүлөр:

18 жашка чейинки категорияда (эркектер):

1-орун: Сырттан Сыргак уулу (Чүй);

2-орун: Ишенбай Майрамбек уулу (Бишкек);

3-орун: Марлис Дуулатбеков (Бишкек).

16 жашка чейинки категорияда (эркектер):

1-орун: Алтынбек Нурбек уулу (Талас);

2-орун: Арсен Кенжегул уулу (Талас);

3-орун: Жоодар Шаршебек уулу (Ысык-Көл).

14 жашка чейинки категорияда (эркектер):

1-орун: Миран Сманов (Чүй);

2-орун: Жеңишбек Калыков (Ысык-Көл);

3-орун: Элдар Авасканов (Талас).

12 жашка чейинки категорияда (эркектер):

1-орун: Амир Эрмеков (Ысык-Көл);

2-орун: Байымбет Сайдахметов (Бишкек);

3-орун: Аскар Шамурзаев (Жалал-Абад).

18 жашка чейинки категорияда (кыздар):

1-орун: Айдана Искенова (Талас);

2-орун: Руслана Аманова (Ысык-Көл);

3-орун: Каныкей Жанышева (Чүй).

16 жашка чейинки категорияда (кыздар):

1-орун: Айпери Бакенова (Чүй);

2-орун: Мадина Бакытбек кызы (Ош шаары);

3-орун: Диана Кендирбаева (Ысык-Көл).

14 жашка чейинки категорияда (кыздар):

1-орун: Жазайым Молдокулова (Талас);

2-орун: Жасмин Адил кызы (Нарын);

3-орун: Саадат Турдубаева (Нарын).

12 жашка чейинки категорияда (кыздар):

1-орун: Арууке Рысканова (Талас);

2-орун: Айдай Азаматова (Чүй);

3-орун: Мадина Оморова (Ысык-Көл).

«Рапид» боюнча жеңүүчүлөр:

18 жашка чейинки категорияда (эркектер):

1-орун: Бекжан Жумадылов (Ысык-Көл);

2-орун: Элдияр Айбеков (Ысык-Көл).

14 жашка чейинки категорияда (эркектер):

1-орун: Акбар Табылдиев (Ысык-Көл);

2-орун: Жолдош Нурбеков (Ысык-Көл).

18 жашка чейинки категорияда (кыздар):

1-орун: Гүлмира Бекболотова (Ысык-Көл);

2-орун: Сыргажан Асанова (Талас).

14 жашка чейинки категорияда (кыздар):

1-орун: Айдай Маданбекова (Талас);

2-орун: Айдана Рыскулова (Талас).

"Блиц" боюнча жеңүүчүлөр:

18 жашка чейинки категорияда (эркектер):

1-орун: Марлис Дуулатбеков (Бишкек);

2-орун: Ишенбай Майрамбек уулу (Бишкек).

14 жашка чейинки категорияда (эркектер):

1-орун: Дастан Бакыт уулу (Ысык-Көл);

2-орун: Элдар Авасканов (Талас).

18 жашка чейинки категорияда (кыздар):

1-орун: Нургиза Чингизова (Талас);

2-орун: Гүлзат Эсеналиева (Ош).

14 жашка чейинки категорияда (кыздар):

1-орун: Айдай Маданбекова (Талас);

2-орун: Адина Белек кызы (Талас).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!