Мушкер Антонина Шевченко дүйнө чемпиондугун коргойт

22-02-2017

Кыргызстандык мушкер Антонина Шевченко "Lion Fight" версиясынын тай бокс боюнча үчүнчү жолку дүйнө чемпиондугун коргойт. Бул тууралуу уюштуруучулардын расмий сайты жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 61,2 кг салмактагы категориядагы жекеме-жеке кармаш ушул жылдын 3-мартында АКШнын "Lion Fight 35" турниринин алкагында өтөт.

Шевченконун каршылашы голландиялык спортчу Алиди Лавант аныкталган. Бирок, спортчу алган жаракатынан улам беттешүүдөн баш тарткан. "Lion Fight Promotion" маалымдагындай, жакынкы күндөрү Шевченконун ордуна башка спортчу күч сынашаары белгилүү болот.

Шевченко чемпиондук титулун өткөн жылдын 8-июлда сактап калган. Мында "Lion Fight 30" турниринин алкагында ангилиялык мушкер Анабэль Джэли менен беттешкен. Ал эми 2-сентябрда италиялык спортчу Паолу Капуччи менен кармашып, жеңип алган. 18-ноябрда голландиялык Илону Вайманс менен беттешип чемпиондук титулун сактап калган.

Кубаныч Жусупбеков

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!