Кунг-фучулар чемпионатта ийгилик жаратты

Кунг-фучулар чемпионатта ийгилик жаратты
17-Ноя. 2017, Жума, 09:08

Кыргызстандыктар кунг-фу боюунча VII дүйнөлүк чемпионатта 8 медал алды. Бул тууралуу Салттык ушу федерациясы билдирди.

Маалыматка караганда, мелдеш Кытайдын Эмэйшань шаарында өткөн. Мелдешке 57 өлкөдөн 4 миңдин тегергинде спортчу катышкан. Кыргызстандын курама командасы Салттык ушу федерациясынын жетекчиси Евгений Лапаткин жана башкы машыктыруучу Ли Цзяньпиндин жеткчилиги алдында катышкан.

Кыргызстандык спортчулар чемпионатта намысты татыктуу коргоп бир алтын, эки күмүш жана 5 коло медалды тагынууга жетишкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!