Дүйнөлүк чемпионаттын кубогу Бишкекке келет

Дүйнөлүк чемпионаттын кубогу Бишкекке келет
22-Ноя. 2017, Шаршемби, 11:20

Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын кубогу трофи-турунун алкагында Бишкек шаарына келет. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясы билдирди.

Маалыматка караганда, учурда аталган иш чаранын сценарийинин үстүндө иштер жүрүп жатат. Кубоктун Кыргызстанга келүү датасы боюнча маалымат кийинчерээк айтылат.

Ал эми Тажикстандын Футбол федерациясыннын билдирүүсүнө ылайык кубок Душанбе шаарына 5-февралда келет.

Кубоктун трофи-туру 9-сентябрда Москва шаарында старт алган. Кубок 50 өлкөгө барат. Россиянын өзүндө Владивосток шаарынан Калининградка чейин 24 шаарында болот. Кубок жайгашкан чатырга кирүү акысыз. Үстүбүздөгү жылдын сентябрынан декабрына чейин Россиянын 15 шаарында болуп, андан кийин дүйнөнүн 50 өлкөсүн кыдырып келип май айында Россиянын өзүнө кайтат. Россиянын 9 шаарын кыдырып дүйнөлүк чемпионаттын башталышы менен трофи-тур сапарын аяктайт.

Эскерте кетсек, кезектеги футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат 2018-жылы Россияда өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!