ФИФА: Кыргызстан беш сапка көтөрүлдү

ФИФА: Кыргызстан беш сапка көтөрүлдү
24-Ноя. 2017, Жума, 14:31

Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) 23-ноябрда жаңы рейтингин жарыялады. Анда август айында 120-орунда турган Кыргызстандын курамасы 5 сапка жогорулап 115-орунду ээледи. Мындай олуттуу жогорулоо биздин футболчуларынын Азия Кубогу-2019 тандоо мелдештеринде Макао курама командасын 4:3 эсебинде жеңишке жетишүүсүнөн улам болгон. Ал эми Орусия мурдагыдай эле 64-орунда калды.

Эң мыкты футбол командасы катарында 18 сапка көтөрүлгөн Кытай, эң төмөнкү команда Лаос 184-орунда көрсөтүлдү. Биринчи орунда адаттагыдай эле Германия, экинчи Бразилия, үчүнчү орунда Португалия турат. Андан кийин Аргентина, Бельгия. Алтынчы орунду Испания, жетинчи орунду Польша ээледи. Ал эми 3 сапка көтөрүлгөн Швейцария сегизинчи, Франция болсо тогузунчу орунда турат. Рейтингдин биринчи ондугун Сили жыйынтыктады.

Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) кийинки жаңыртылган тизмеси 21-декабрда жарыяланат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!