Кыргызстандык мушкерлер Ташкентте күмүш тагынды

Кыргызстандык мушкерлер Ташкентте күмүш тагынды
1-Дек. 2017, Жума, 11:27

Кыргызстандык спортчулар Алихан Эргешов жана Данияр Өмүрбеков Өзбекстанда өткөрүлгөн WMF версиясынын кикбокс боюнча ачык чемпионатта күмүш тагынышты. Бул тууралуу КРнын тай бокс федерациясынан билдиришти.

Алихан Эргешов 54 кг салмактагы категорияда күч сынашып, өзбекстандык экс спортчуну жеңип, финалда афганистандык мушкер менен чыккан.

Ал эми Данияр Өмүрбеков 57 кг салмактагы категорияда ушул эле өлкөнүн спортчулары менен таймашып, күмүш байгеге ээ болгон.

Аталган мелдешке Кыргызстандан 7 спортчу катышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!