​Мушкер M-1 Global менен келишим түздү

​Мушкер M-1 Global менен келишим түздү
1-Дек. 2017, Жума, 11:50

Кыргызстандык мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу M-1 Global менен узак мөөнөттүү келишим түздү.

Мындай ири компания менен келишим түзүү Кыргызстанда биринчи жолу болууда.

“Эми мен расмий түрдө Кыргызстандан алгачкы жолу «M-1 Global» бирикмеси менен келишим түздүм. Келишим 2 жылга 6 мелдешке түзүлдү. Кыйынчылыктар дагы алдыда. Мен чоң максаттарга өзүмдү шыктандырып жатам”,-деди соцтүйүндөгү баракчасына Бусурманкул Абдибаит уулу.

Ал кошумчалагандан кийинки беттеш 2018-жылы күтүлүүдө.

М-1 Global - эл аралык компания. Кесипкөйлөр арасында аралаш мушташ боюнча беттештерди өткөрүп келет. Башкы кеңсеси Россиянын Санкт-Петербург шаарында жайгашкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!