Түркияда кыргыз күрөшү боюнча беттеш өттү

Түркияда кыргыз күрөшү боюнча беттеш өттү
5-Дек. 2017, Шейшемби, 16:04

3-декабрда Анкара шаарында (Түркия) улуттук кыргыз күрөшү боюнча ачык биринчилик өттү. Мелдешrе Кыргызстан, Казакстан, Монголия, Афганистан, Өзбекстандан келген 100дөн ашуун балбандар жети салмактык категорияда (60 кг, 65 кг, 70 кг, 75 кг, 80 кг, 85 кг, 90 кг, +90) күч сынашты. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Улуттук кыргыз күрөшүн өнүктүрүү, жайылтуу жана даңазалоо, жаштарды ынтымакка, биримдикке чакыруу максатын көздөгөн мелдешти Түркиядагы “Жаштар ынтымагы” коомдук бирикмеси уюштурган.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча командалык эсепте Кыргызстан биринчи, Казакстан экинчи ал эми Монголия үчүнчү орунду ээлеп, жеңүүчүлөр мактоо баракчалары, медаль жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Уюштуруучулар Данияр Онобасов жана Максат Бейшекеев аталган иш-чараны өткөрүүгө көрсөтүлгөн колдоо үчүн КРнын Улуттук күрөш федерациясына жана жеке ишкер Анаркул Тойчубеков менен Максат Бейшекеевге ыраазычылык билдиришти.

Жыйынтык:

1-орун – Чынгыз Русланбек уулу (Кыргызстан) 60 кг

1-орун – Баасаяр Буыржаргал (Монголия) 65 кг

1-орун -Камбарали Хабиббулаев (Кыргызстан) 70 кг

1-орун – Мыкан Рамат (Казакстан) 75 кг

1-орун –Элдияр Алымкулов (Кыргызстан) 80 кг

1-орун - Хабиббуллаев Кадыр (Кыргызстан) 85 кг

1-орун - Максат Акылбеков (Кыргызстан) 90 кг

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!