​“Алыш” күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өтөт

​“Алыш” күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өтөт
7-Дек. 2017, Бейшемби, 10:57

Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда 9-10-декабрда Кыргыз Республикасынын баатыры, коомдук ишмер Абсамат Масалиевдин элесине арналган алыш күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мелдеш кыз-келиндер жана эркектер арасында өткөрүлөт. Ага Кыргызстан, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандан, спортчулар катышат.

Мелдеште эркектер арасында 4 салмак категорияда (70, 80, 90 килограммга чейинки жана 90 килограммдан жогору салмак категориялар) жана кыз-келиндер арасында 3 салмак категорияда (65, 70 килограммга чейинки жана 75 килограммдан жогору салмак категорияларда) медалдар ойнотулмакчы.

Уюштуруучулар: Жаштар иштери жана денн тарбия жана спорт агенттиги, Алыш күрөшү боюнча федерация жана Абсамат Масалиев атындагы коомдук фонд.

Жеңүүчүлөргө медалдар жана дипломдор тапшырылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!