​Айсулуу Тыныбекова «Алтын мангуст» сыйлыгын алды

​Айсулуу Тыныбекова «Алтын мангуст» сыйлыгын алды
11-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 11:10

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова спорт тармагына кошкон салымы үчүн эл аралык «Алтын мангуст» сыйлыгынын орденин алды. Бул тууралуу аталган сыйлыктын расмий сайтында жарыяланган.

Сыйлыктарды тапшыруу аземи 9-декабрда Украинанын Одесса шаарында өткөрүлгөн.

Аталган сыйлык 2009-жылы негизделген. Алгач Украинанада кийин 2012-жылдан тарта эл аралык деңгээлдеги берилип келет. Бул сыйлыкка спорт тармагында көрүнүктүү жетишкендиктерге ээ болгон спортчулар, коомдук жана саясий ишмерлер, машыктыруучулар, ишкерлерге берилип келет.

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбеков 2017-жылында 7 жолу эл аралык мелдештерге катышып, алардын баарынан медаль тагынып кайткан. Анын үчөөсү алтын, 3 күмүш жана 1 коло медаль болгон. Ошондой эле экс-президент Алмазбек Атамбаевдин колунан «Даңк» медалын алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!