Cуучулдар турнирде ийгиликке жетти

6-Март 2017, Дүйшөмбү

3-5-мартта Берлин шаарында сууда сүзүү боюнча «International Swim Meeting» мелдеши болуп өттү.

Ага дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн: Румыния, Австрия, Норвегия, Греция, Латвия, Улуу Британия, Швеция, Словакия, Бразилия, Германия, Нидерландия, Мальта, Бельгия, Швейцария, Чехия, Дания, Албания, Беларусия, Россия, Венгрия, Финляндия, Ирландия, Польша, Сербия жана Кыргызстандан спортчулар катышты.

Турнирдин жыйынтыгында Кыргызстандык суучул Денис Петрашов 50м аралыктагы брасс ыкмасы менен 2-орунду ээлесе, 100м аралыкта 1-орунду, 200м аралыкта дагы 1-орунду алды. Мындан тышкары Кирилл Вайс, Иван Пантелеев, Азиз Сансызбаев, Темирлан Каратаев дагы байгелүү орундарга жетишкен.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!