​Алыш күрөшү боюнча эл аралык турнир өтөт

9-Март 2017, Бейшемби

17-мартта Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда коомдук ишмер, алыш күрөшүнүн негиздөөчүсү Баяман Эркинбаевдин 50 жылдыгына карата алыш күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Турнирге Кыргызстандын бардык аймагынан жана чет мамлекеттен Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Беларусия, Молдова, Россия, Иран, Индонезия, Болгария, Индия, Латвия, Сербия, Германия, Пакистан жана дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнөн спортчулар катышмакчы.

Спортчулар 6 салмактагы (60 кг, 70 кг, 80 кг, 90 кг, 100 кг чейин жана андан жогору) категорияда күч сынашат. Ал эми аялдар арасында 5 кг салмактагы категорияда болмокчу.

Мелдешти өткөрүүдө спорттун улуттук түрү боюнча дирекция тарабынан 1 миллион 906 миң каражат бөлүнгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!